Кыргызстандыктардын көбү «Синофарм» вакцинасын алышкан

“118 тынымсыз байланыш” кызматы 2022-жылдын аягында 12 ай ичинде аткарылган иштердин отчетун жыйынтыктап, кызматка кайрылган абоненттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары менен бөлүштү.

Колл-борбордун операторлору 390 кыргызстандыктан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Респонденттердин жоопторунан улам 70%ы эмдөөдөн өткөнү, калган 29%ы эмдөөдөн өтпөгөндүгү билинген.

Ал эми кыргызстандыктардын 43%ынан көбү “Синофарм” вакцинасын алганын билдиришкен.

Сурамжылоонун негизги максаты эмдөө өнөктүгү башталгандан бери эмделген адамдардын пайызын аныктоо болгон. Сурамжылоо 2022-жылдын 9-сентябрынан 15-ноябрына чейин Сорос-Кыргызстан Фондунун, Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) жана ПРООНдун колдоосу менен өткөрүлгөн.