Кыргызстандын дыйкандарын Global G.A.P сертификатын кантип алууну үйрөтүшөт
Германиянын Global G.A.P компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандагы өндүрүүчүлөр үчүн окуу курстарын жана органикалык продукцияга сертификат алуу боюнча техникалык картаны иштеп чыгат. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси Умбриэль Темиралиев менен Global G.A.P компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушуусунда айтылды.
Global G.A.P тарабынан иштелип чыккан жол картасы кыргызстандык дыйкандарга сертификат алуу үчүн процесстердин баарын камтыйт. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Темиралиев органикалык продукцияны экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, Global G.A.P. өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Борбор Азияда компания Өзбекстан менен жигердүү кызматташат, ал жакта 238 өндүрүүчү Global G.A.P. менен продукцияларын тышкы рынокко активдүү экспорттоп келишет.
GLOBAL G.A.P. — айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн эл аралык стандарт. Бул тастыктоо аркылуу өндүрүүчүлөр GLOBAL G.A.P. стандарттарынын талаптарына шайкештигин тастыкташат.