Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик карызды “жашыл долбоорлорго” алмаштырууну сунуштап, улуттук токойлорду калыбына келтирүү өнөктүгүн баштап жаткан чакта, Ысык-Көлдөгү токойлор кыйылып, жок кылынууда.

Ecostan.kg Коомдук фонду Ысык-Көл облусунда карагайларды мыйзамсыз кыюу иштери кызуу жүрүп жатканын айтат.

“Ал жерде эреже бузгандар жыл сайын негизинен Тянь-Шань карагайын жок кылышат. Бул дарак болжол менен 500 жыл өсө алат, бирок браконьерлер 100-150 жаштагыларын кыйып жатышат, анткени алар “товардык” жакшы көрүнүшкө ээ. Бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактылары көп жылдардан бери үзгүлтүксүз уланып келет, бирок абал өзгөргөн жок”, – дешет активисттер.

Алсак, Түптөгү Кудургу токой чарбасынын Кичи Өрүктү тилкесинде Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө мыйзамсыз кыюу иштери жүрүп жатат. «ЭкоМиРдин» өкүлү Муканов Нуржан жана жергиликтүү жаратылышты коргоочу активисттердин айтымында, Кичи Өрүктү айылына көчмө пилорама орнотулуп, ал жерде мыйзамсыз жыйналган жыгачтар түнкүсүн кыйылып жатат.