БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Баткен облусунда чек арадагы кагылышуулардын натыйжасында жабыркаган 25 миң 642 кишиге жардам беришти. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Алар 496 тонна азык-түлүк менен камсыз кылып, ар бир үй-бүлөгө 100 кг байытылган буудай унун жана 10 литрден өсүмдүк майын беришкен.

БУУ ДАТП эң аялуу калкка, анын ичинде үйлөрү жабыркаган, ошондой эле арык, дренаж жана канал тазалоо сыяктуу жамааттык инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү боюнча долбоорлорго катышкан кишилерге азык-түлүк таратты.

Долбоорлор кыш мезгилинин татаал аба-ырайынын шарттарын эске алуу менен райондук деңгээлдеги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иштелип чыгып, ишке ашырылган.