> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт
- URL: https://im.kg/all/2023/01/31/kyrgyzstanda-1-mln-zhash-bala-t-zhakyrchylykta-zhashajt/
- Published: 2023-01-31T18:00:22.000Z
- Updated: 2023-01-31T12:33:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстандын калкынын арасында жакырчылыктын өсүшү байкалган. 2021-жылдын аягында 1 млн 74 миң бала жакырчылыктын эң жогорку чегинде жашаган. Мындай маалыматтарды КР Улуттук статистикалык комитети берди.**

> Улутстаткомдун маалыматы боюнча, эң оор абал **Жалал-Абад облусунда** байкалган, ал жерде балдардын **52%ы** жакырчылыктын чегинде жашайт. Кийинки орундарда **Нарын облусу** (48.2%) жана **Бишкек** (48.1%) турат.

Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 2017-жылдан 2019-жылга чейин – 782 миңден 660ка чейин азайган болчу. Бирок 2020-жылдан бери тенденция артка кетип, өсүш башталган. 2020-жылы 833 миң бала жакырчылыкта жашаса, 2021-жылы кедейликтин көйгөйүндө жашаган жаш балдардын саны 1 миллиондон ашкан.

Мындан тышкары, көп балалуу үй-бүлөлөр көбүрөөк жакырчылыкка туш болушат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жакырчылыкты баалоонун бир нече ыкмалары колдонулат:

- материалдык жакырчылык (жалпы жана өтө)
- салыштырмалуу жакырчылык
- балдардын жакырчылыгы жана ажыратуу индекси
- Улуттук көп өлчөмдүү жакырчылык индекси боюнча көп өлчөмдүү жакыр үй чарбаларында жашаган балдар
- балдардын көп өлчөмдүү жакырчылыгынын улуттук индекси (баланын чоңоюунун ар бир этабындагы керектөөлөрүн эске алуу менен каралат).

---

[Кара-Балтада ачкадан каза болгон кыздын апасы Россияда болгон — Кыргызстанда 90 миң жаш баланын ата-энеси мигрант](http://localhost/info-portal/news/2023/01/16/kara-baltada-achkadan-kaza-bolgon-kyzdyn-apasy-rossiyada-bolgon-kyrgyzstanda-90-mi-zhash-balanyn-ata-enesi-migrant/)

[Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт — эксперт](http://localhost/info-portal/news/2022/11/24/lk-b-zd-2-milliondon-ashyk-adam-k-n-n-125-somgo-zhashajt-ekspert/)

[Кыргызстанда жакырчылыктын дэңгээли өсүүдө — айрыкча, Баткен менен Бишкекте](http://localhost/info-portal/news/2022/10/27/kyrgyzstanda-zhakyrchylyktyn-de-geeli-s-d-ajrykcha-batken-menen-bishkekte/)

[Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес](http://localhost/info-portal/news/2022/10/07/d-jn-l-k-bank-kyrgyzstandyn-ekonomikasy-eldi-zhakyrchylyktan-korgop-kaluuga-dayar-emes/)