Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт
2017-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстандын калкынын арасында жакырчылыктын өсүшү байкалган. 2021-жылдын аягында 1 млн 74 миң бала жакырчылыктын эң жогорку чегинде жашаган. Мындай маалыматтарды КР Улуттук статистикалык комитети берди.
Улутстаткомдун маалыматы боюнча, эң оор абал Жалал-Абад облусунда байкалган, ал жерде балдардын 52%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Кийинки орундарда Нарын облусу (48.2%) жана Бишкек (48.1%) турат.
Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 2017-жылдан 2019-жылга чейин – 782 миңден 660ка чейин азайган болчу. Бирок 2020-жылдан бери тенденция артка кетип, өсүш башталган. 2020-жылы 833 миң бала жакырчылыкта жашаса, 2021-жылы кедейликтин көйгөйүндө жашаган жаш балдардын саны 1 миллиондон ашкан.
Мындан тышкары, көп балалуу үй-бүлөлөр көбүрөөк жакырчылыкка туш болушат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жакырчылыкты баалоонун бир нече ыкмалары колдонулат:
- материалдык жакырчылык (жалпы жана өтө)
- салыштырмалуу жакырчылык
- балдардын жакырчылыгы жана ажыратуу индекси
- Улуттук көп өлчөмдүү жакырчылык индекси боюнча көп өлчөмдүү жакыр үй чарбаларында жашаган балдар
- балдардын көп өлчөмдүү жакырчылыгынын улуттук индекси (баланын чоңоюунун ар бир этабындагы керектөөлөрүн эске алуу менен каралат).
Өлкөбүздө 2 миллиондон ашык адам күнүнө 125 сомго жашайт — эксперт
Кыргызстанда жакырчылыктын дэңгээли өсүүдө — айрыкча, Баткен менен Бишкекте
Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес