Минкаб энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга «коңгуроо какты»
Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компанияларга министрлер кабинети алардын ишке өтүү мөөнөтү тууралуу кулак кагыш кылганын минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышкан минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк алган компаниялар эгерде узак мөөнөткө чейин иш баштабаса, министрликке алардын маселесин кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.
- 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8.6 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда.
- Быйыл 2.2 млрд кВт/с чейин электр энергиясын импорттоо каралган.
- Жалпы республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996.6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку – 48.5 миң тонна.
Мамлекет электр энергиясын жеке ортомчуларсыз сатат
Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан
Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат — маал-маалы менен свет өчөт