> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош - Баткен - Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жазында башталат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/31/osh-batken-razzakov-zholununun-rekonstrukciyaloo-ishi-zhazynda-bashtalat/
- Published: 2023-01-31T13:37:28.000Z
- Updated: 2023-01-31T13:38:28.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ноокат районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунунун реконструкциялоо иши жаз айларында башталат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жол тармагындагы тиешелүү адистери менен жолугушуп, Ноокат районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунун 28 -75 чакырымындагы жолдун курулуш долбоорун ишке ашыруу алкагында пландар, сунуштар, көйгөйлөрүн талкуулаган.

> “Негизинен куруу иштери этап-этабы менен жүрүшү маалымдалды, учурда долбоорлоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле министр стратегиялык мааниге ээ жолдун куруу иштери сапаттуу жана эл аралык талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи”, – деп айтылат маалыматта.