> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат
- URL: https://im.kg/all/2023/01/31/oshto-korrupciyany-zhojuu-ch-n-kalkty-tejl-borborloruna-108-bajkoo-kameralary-ornotulat/
- Published: 2023-01-31T16:30:01.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:08:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коррупциялык элементтерди жоюу жана Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн түштүк облустарда байкоо камералары орнотулуп жатканын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.**

Ош шаарындагы КТБна 56 кошумча байкоо камералары имараттын аралыгындагы аймактарга жана операторлордун иш орундарына орнотулган. Жалпы жонунан Ош облусуна **108 байкоо камералары** орнотулат.​

Ошондой эле, 31 даана байкоо камералары Ош облусунун КТБна орнотулган:

- Ноокат району – 9 даана
- Араван району – 6 даана
- Кара-Суу шаарындагы “КТБ-1” – 10 даана
- Өзгөн шаарындагы “КТБ-2” – 6 даана. Жалпы эсеп менен – 52 даана.​

Ал эми Жалал-Абад облусундагы КТБна 46 даана байкоо камералары орнотулду:

- Жалал-Абад шаары – 24 аналогдук камералар санариптик камераларга алмаштырылды
- Токтогул шаары – 6 даана
- Сузак району – 8 даана
- Базар-Коргон району – 8 даана.