Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат
Коррупциялык элементтерди жоюу жана Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн түштүк облустарда байкоо камералары орнотулуп жатканын Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Ош шаарындагы КТБна 56 кошумча байкоо камералары имараттын аралыгындагы аймактарга жана операторлордун иш орундарына орнотулган. Жалпы жонунан Ош облусуна 108 байкоо камералары орнотулат.
Ошондой эле, 31 даана байкоо камералары Ош облусунун КТБна орнотулган:
- Ноокат району – 9 даана
- Араван району – 6 даана
- Кара-Суу шаарындагы “КТБ-1” – 10 даана
- Өзгөн шаарындагы “КТБ-2” – 6 даана. Жалпы эсеп менен – 52 даана.
Ал эми Жалал-Абад облусундагы КТБна 46 даана байкоо камералары орнотулду:
- Жалал-Абад шаары – 24 аналогдук камералар санариптик камераларга алмаштырылды
- Токтогул шаары – 6 даана
- Сузак району – 8 даана
- Базар-Коргон району – 8 даана.