Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз фондулук биржасында (КФБ) 18.6 млрд сом суммасында 2017 бүтүм түзүлгөн. Бул тууралуу 31-январда КФБнын президенти Медет Назаралиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул биржадагы сооданын көлөмү боюнча тарыхый көрсөткүч болуп саналат, анткени 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.

«Бул мамлекет түшүнүгүн көрсөтүп баштады дегенди билдирет, бүгүнкү күндө компаниялар мамлекеттик ишкана формасында эмес, ачык акционердик коом (ААК) түрүндө түзүлүүдө. Бардык жаңы компаниялар листинг процедурасынан өтүшөт. Бул бизнес биржада түшүнүктүү, ачык-айкын механизмдер аркылуу инвестиция тартууга умтулуп жатат дегенди түшүндүрөт», – деди Назаралиев.

Ал ошондой эле 2022-жылы КФБнын индекси 2312 пунктка жеткенин, ал эми листингдик компаниялардын капиталдаштыруусу 80 млрд сомдон ашканын кошумчалады.