> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды
- URL: https://im.kg/all/2023/01/31/uluttuk-bank-eseptik-chendi-13-de-geelinde-saktap-kaldy/
- Published: 2023-01-31T12:04:35.000Z
- Updated: 2023-01-31T12:06:35.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк Башкармасы 30-январда эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул пайыз менен жөнгө салуучу өлкөнүн коммерциялык банктарына насыя берет жана бул чен акыры экономикага, ошондой эле калктын алган насыясынын баасына таасирин тийгизет.**

Регулятор негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы бар тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырарын белгиледи. 

> “2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык **инфляция 14.7%ды** түзгөн. 2023-жылдын 20-январына карата баалардын өсүшү 1.2%ды түздү. Жалпы алганда, инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө, бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттайт”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.

Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. 

> 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматка ылайык, реалдуу **ИДПнын өсүшү 7%ды** түзгөн. Бул көбүнчө **кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба** секторундагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө жана ички суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу болгон. Ошондой эле 2022-жылдын жыйынтыгында,   **банк кредит портфели 12%га** жакын көрсөткүчкө өскөн. 

Монетардык саясат боюнча кабыл алынган тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн шартта кабыл алынат. Улуттук банк КРнын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги мурдагыдай эле динамикасында жогорку **белгисиздик үстөмдүк кылган тышкы экономикалык факторлорго** көз каранды экенин айтат. 

---

[Улуттук банк жооп берет – Эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалууда](http://localhost/info-portal/news/2021/12/06/uluttuk-bank-zhoop-beret-eseptik-chendi-k-t-r-inflyaciyany-basa-datuu-ch-n-zhasaluuda/)

[Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды — жыл башында 8.5% болчу](http://localhost/info-portal/news/2022/11/01/uluttuk-bank-eseptik-chendi-14-de-geelinde-kaltyrdy/)

[Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг](http://localhost/info-portal/news/makalalar/2023/01/30/2022-zhyly-kyrgyzstanda-kajsy-bank-k-p-kireshe-tapty-rejting/)