Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк Башкармасы 30-январда эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул пайыз менен жөнгө салуучу өлкөнүн коммерциялык банктарына насыя берет жана бул чен акыры экономикага, ошондой эле калктын алган насыясынын баасына таасирин тийгизет.

Регулятор негизги чен өлчөмүн сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы бар тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырарын белгиледи.

“2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14.7%ды түзгөн. 2023-жылдын 20-январына карата баалардын өсүшү 1.2%ды түздү. Жалпы алганда, инфляция динамикасы орто мөөнөткө болжолдонгон көрсөткүчтүн алкагында түптөлүүдө, бул эсептик ченди өзгөртүүнүн зарылдыгы жоктугун шарттайт”, – дейт өлкөнүн башкы банкы.

Энергия продукциялары жана азык-түлүк дүйнөлүк рынокторунда кырдаалдын турукташуусу 2023-жылдын экинчи жарымында инфляциянын басаңдашына таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча алдын ала маалыматка ылайык, реалдуу ИДПнын өсүшү 7%ды түзгөн. Бул көбүнчө кызмат көрсөтүү, өнөр жай, айыл чарба секторундагы өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө жана ички суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу болгон. Ошондой эле 2022-жылдын жыйынтыгында, банк кредит портфели 12%га жакын көрсөткүчкө өскөн.

Монетардык саясат боюнча кабыл алынган тактикалык чечимдер банк секторунда үстөк ликвиддүүлүк олуттуу өскөн шартта кабыл алынат. Улуттук банк КРнын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги мурдагыдай эле динамикасында жогорку белгисиздик үстөмдүк кылган тышкы экономикалык факторлорго көз каранды экенин айтат.


Улуттук банк жооп берет – Эсептик ченди көтөрүү инфляцияны басаңдатуу үчүн жасалууда

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды — жыл башында 8.5% болчу

Кыргызстанда өткөн жылы кайсы банк эң көп киреше тапты? — Рейтинг