> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди
- URL: https://im.kg/all/2023/01/31/uluttuk-bank-naktalaj-dollardyn-zhetishsizdiginin-sebebin-ajtyp-birok-azyr-ech-kandaj-k-jg-j-zhoktugun-bildirdi/
- Published: 2023-01-31T14:40:13.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:45:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 31-январда маалымат жыйынында Кыргызстанда накталай доллардын жетишсиздигин коомчулукка түшүндүрүп, валюта рыногундагы азыркы кырдаалга токтолду.**

Анын айтымында, буга чейин рынокто накталай доллардын жетишсиздиги болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө валюта рыногунда абал туруктуу.

> «Бул негизги соода өнөктөш өлкөлөргө карата санкциялардын киргизилишине байланыштуу болгон. 2022-жылдын жаз айына чейин коммерциялык банктарда түзүлгөн валюта менен камсыздоо каналдары **үзгүлтүккө учураган**. Ошентип жаңы камсыздоо каналдарын түзүүгө чейин бир канча убакыт кетти», – деди Карабаева.

Улуттук банктын өкүлү 13-январдан тарта министрлер кабинети накталай долларды КР аймагынан тышкары алып чыгууга [тыюу салуу боюнча](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/kyrgyzstandan-naktalaj-chet-lk-valjutasyn-alyp-chyguuga-ubaktyluu-tyjuu-salynat/) токтом кабыл алганын эске салды. Ага ылайык, 10 миң доллардан жогору резиденттер үчүн, ал эми резидент эместер үчүн 5 миң доллардан жогору каралган.

> «Бүгүнкү күндө КРнын банк тутумунда накталай доллар жетиштүү. Жалпысынан системада 600 млн доллардан ашык акча бар жана алардын 40%га жакыны накталай түрүндө”, – деди ал.

---

[Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/uluttuk-bank-byjyl-deerlik-zharym-mlrd-dollar-ichki-valjuta-rynoguna-chygardy-baary-bir-lk-d-dollar-deficit/)

[Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/kyrgyzstandan-naktalaj-chet-lk-valjutasyn-alyp-chyguuga-ubaktyluu-tyjuu-salynat/)

[Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты](http://localhost/info-portal/news/2023/01/11/uluttuk-bank-byjylky-zhyly-birinchi-intervenciyasyn-zh-rg-z-p-daroo-104-mln-dollar-satty/)

[Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк](http://localhost/info-portal/news/2022/12/29/kotorulgan-akchanyn-komissiyasyn-zh-n-t-ch-adam-gana-t-l-jt-uluttuk-bank/)