Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева 31-январда маалымат жыйынында Кыргызстанда накталай доллардын жетишсиздигин коомчулукка түшүндүрүп, валюта рыногундагы азыркы кырдаалга токтолду.

Анын айтымында, буга чейин рынокто накталай доллардын жетишсиздиги болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө валюта рыногунда абал туруктуу.

«Бул негизги соода өнөктөш өлкөлөргө карата санкциялардын киргизилишине байланыштуу болгон. 2022-жылдын жаз айына чейин коммерциялык банктарда түзүлгөн валюта менен камсыздоо каналдары үзгүлтүккө учураган. Ошентип жаңы камсыздоо каналдарын түзүүгө чейин бир канча убакыт кетти», – деди Карабаева.

Улуттук банктын өкүлү 13-январдан тарта министрлер кабинети накталай долларды КР аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алганын эске салды. Ага ылайык, 10 миң доллардан жогору резиденттер үчүн, ал эми резидент эместер үчүн 5 миң доллардан жогору каралган.

«Бүгүнкү күндө КРнын банк тутумунда накталай доллар жетиштүү. Жалпысынан системада 600 млн доллардан ашык акча бар жана алардын 40%га жакыны накталай түрүндө”, – деди ал.


Улуттук банк быйыл дээрлик жарым млрд доллар ички валюта рыногуна чыгарды — бирок баары бир доллар дефицит

Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынат

Улуттук банк быйылкы жылы биринчи интервенциясын жүргүзүп, дароо 104 млн доллар сатты

Которулган акчанын комиссиясын жөнөтүүчү адам гана төлөйт — Улуттук банк