> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады
- URL: https://im.kg/all/2023/02/01/bishkekte-adamdardy-zh-zd-r-n-n-taanyj-turgan-videokameralar-ornotula-bashtady/
- Published: 2023-02-01T16:47:35.000Z
- Updated: 2023-02-01T16:48:47.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ИИМ Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамераларды орнотууну сунуштады. Бул тууралуу аталган министирликтин маалымат кызматы биллдирди.**

ИИМ көтөргөн демилгенин негизинде Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады. 

> “Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер жүрүүдө. Анткени, адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири – шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган.