Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады

ИИМ Бишкек шаарынын бардык райондоруна адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамераларды орнотууну сунуштады. Бул тууралуу аталган министирликтин маалымат кызматы биллдирди.

ИИМ көтөргөн демилгенин негизинде Биринчи май райондук администрациясы райондогу коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады.

“Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунда ушул багытта иштер жүрүүдө. Анткени, адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеобайкоо камераларын колдонуунун башкы максаттарынын бири – шаардын тургундарынын, меймандарынын коопсуздугун сактоо жана коомдук жайларда тартиптин сакталышын толук көзөмөлгө алуу болуп эсептелет”, – деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда республика боюнча коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Алардын ичинен 519 видеокамера коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган.