Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат

2023-жылы 2 миң жаран Улуу Британияга айыл чарба иштерине баруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, 30-январда Жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британия өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн ортосунда КР жарандарын Улуу Британияда ишке орноштуруу боюнча келишимге кол коюлган.

«Кыргызстанга берилген 2023-жылга квота 2 миң адамды түзөт. Бишкек жана Ош шаарларында Улуу Британияда айыл чарба иштерине талапкерлерди кабыл алуу буга чейин жүргүзүлүп, учурда тандоо иштери жүрүп жатат. Келишимдин мөөнөтү алты айга чейин уланат, эмгек акы бир саатына 10 фунт стерлингди түзөт», – деп айтылат маалыматта.

Ошентип 2022-жылы Эмгек министрлиги менен Agro HR жеке компаниясынын ортосундагы макулдашуунун алкагында Улуу Британияга 1.5 миң жаран айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн.


Улуу Британия 2023-жылы кыргызстандыктарды жумушка алуу боюнча квотаны көбөйттү

Британиялык эксперттер КРнын авиациясын Евро Биримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга көмөктөшөт

Англияга сезондук жумуштарга баруунун талаптары кандай? — жол-жобосу