Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында эмне үчүн Бишкек мэриясы 120 автобусту жергиликтүү «Белес» компаниясынан эмес, Кытайдан сатып алганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, «Белес» азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берип жатат.

“Анын үстүнө, учурда “Белес” компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда “Белес” компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат”, – дейт Султанбаев.

Ошондой эле президенттин катчысы аталган жергиликтүү компания унутта калбаганын, “Белес” менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгонун белгиледи.