Комбанктардын депозиттик портфели өткөн жылы дээрлик 340 млрд сомго жетти
Коммерциялык банктардын депозиттик портфели 2022-жылдын декабрынын акырына карата 338.9 млрд сомдон ашты. Жыл башынан бери өсүш 107 млрд сомду түзгөнүн Улуттук банк билдирди.
Белгилей кетсек, депозиттердин жарымынан көбү сомдо салынып – алар 123.6 миллиарддан 184.3 млрд сомго чейин көбөйгөн.
Чет элдик валютадагы депозиттер 154.5 млрд сомдон ашты. Ал эми өткөн жылдын башында анын көлөмү 97.2 млрд сом деңгээлинде болгон.
Банкка депозитке акчаны сом менен салган кирешелүүбү же доллар мененби?
Финмин 4 млрд сомдук депозит ачат – бардык комбанктар алса болот
Кыргызстандыктар акча каражаттарын көбүрөөк чет элдик валютада сактай башташты