Кыргызстандыктар көбүрөөк экзотикалык өлкөлөргө кетип, фрилансер болуп иштеп башташты - Head Hunter

2022-жылы кыргызстандыктар көбүрөөк фрилансерлик жумушуна өтүп, экзотикалык өлкөлөргө кете башташты. Head Hunter мындай жумушту издегендердин саны 243%га өскөнүн билдирди.

2022-жылы иш берүүчүлөр фрилансерлерге тажрыйбасына жана компетенциясына жараша 24 миң сомдон эң көп дегенде 130 миң сомго чейин айлык акы сунушташты. Мындай жыйынтыктан фрилансерлердин айлыгы кеңсе кызматкерлеринин айлык акысынан эч кандай кем эмес деген тыянак чыгарууга болот.

Head Hunter Кыргызстанда фрилансер катары кызматын сунуштаган адистердин үч негизги тобун аныктады. Биринчи орунда IT тармагындагы программисттер турат. Андан кийин сүрөтчүлөр жана дизайнерлер, ошондой эле чет тилдер боюнча котормочулар турат.


Кыргызстанда сунушталган айлык акы 3%га төмөндөдү

Кыргызстандыктардын 35%ы жумушта телефонго алаксыйт

IT тармагындагы адистерге вакансиялар 94%га өстү – HeadHunter