> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт
- URL: https://im.kg/all/2023/02/01/ok-f-zhalpy-kubattuulugu-12-5-megavatt-bolgon-3-ekzhb-dolboorun-karzhylajt/
- Published: 2023-02-01T15:01:10.000Z
- Updated: 2023-02-01T15:01:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылоо баскычында турат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) жетекчиси Артем Новиков КРнын Экономика министринин энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) тармагында иш алып баргандар менен болгон жолугуушусунун жыйынтыгында билдирди.** 

Анын айтымында, фонд азыр Куланак жана “Бала-Саруу” ГЭСтерин кошкондо 185 мегаваттык 7 долбоор ишке ашырылууда. Андан сырткары Экономика министрлиги жана инвесторлор менен биргеликте кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн электр станциясынын курулуш долбоору иштелип чыгууда.

> “Фонд ишкерлерге жеңилдетилген пайдалуу насыяларды сунуштап келет жана бардык долбоорлорду карап чыгууга даяр. Башка коммерциялык банктар менен КРнын каржы институттарына караганда фонддон акча каражатын алуу алда канча оңой”, – деди Новиков.