ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт
Учурда ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылоо баскычында турат. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) жетекчиси Артем Новиков КРнын Экономика министринин энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКЖБ) тармагында иш алып баргандар менен болгон жолугуушусунун жыйынтыгында билдирди.
Анын айтымында, фонд азыр Куланак жана “Бала-Саруу” ГЭСтерин кошкондо 185 мегаваттык 7 долбоор ишке ашырылууда. Андан сырткары Экономика министрлиги жана инвесторлор менен биргеликте кубаттуулугу 300 мегаватт болгон күн электр станциясынын курулуш долбоору иштелип чыгууда.
“Фонд ишкерлерге жеңилдетилген пайдалуу насыяларды сунуштап келет жана бардык долбоорлорду карап чыгууга даяр. Башка коммерциялык банктар менен КРнын каржы институттарына караганда фонддон акча каражатын алуу алда канча оңой”, – деди Новиков.