Технология тармагындагы айымдардын башын бириктирген Techno Women Kyrgyzstan 2023 иш чарасы өттү
Өткөн ишембиде, 28-январда Борбор Азиядагы Америкалык университетинде Кыргызстанда жаңы аялдар кыймылын баштаган Techno Women Kyrgyzstan 2023 деп аталган ири иш-чара болуп өттү.
Анын башкы миссиясы – жогорку технологиялар тармагында аялдар менен кыз-келиндер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу болуп саналат.
“Иш-чаранын спикерлери жогорку технологиялар тармагындагы Кыргызстан менен Казакстандын атактуу инсандары болушту. Иш-чарага катышуу үчүн Techno Women Kazakhstan коммерциялык эмес уюмунун президенти Азиза Шужеева катышты. Өз сөзүндө ал Борбор Азиянын прогрессивдүү аялдарынын ассоциациясынын кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендиги жөнүндө баяндап берди”, – деп айтылат билдирүүдө.
Халык Банк Кыргызстан банкынын башкармалыгынын төрагасы, TechnoWomen Kyrgyzstan кыймылынын башкы демилгечиси Алия Чыныбаева санариптик технологиялар тармагындагы өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, мисал түрүндө Халык банк пластиктен кантип арылып жаткандыгы жана санариптештирүү багытында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу айтып берди.
Алардын катарында Codify IT компаниясынын башкы директору Динара Руслан, It-run`дын негиздөөчүлөрүнүн бири Наргиза Джакыпова, Kazpost Digital`дын башкы директору Асем Нургалиева, санариптик трансформация тармагында эксперт Джанара Изимова, Google`дун технолог аялдарынын элчиси Жаркын Щеглова, мекеменин архитектору Лаура Саламат, Халык Банк Кыргызстан банкынын IT боюнча директору Асель Марченко, “Отбасы” банкынын (Казакстан) башкармалыгынын төрайымы Эльмира Распекова, Documentolog`дун башкы директорунун орун-басары Мадина Дусмагамбетова, IT-стартаптарынын негиздөөчүсү, БААУнун бүтүрүүчүсү Даяна Асанова, Namba One`дын башкы директору жана түптөөчүлөрүнүн бири Нора Азыгалиевалар болду.