> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду
- URL: https://im.kg/all/2023/02/02/aga-han-fondu-kicb-bankynyn-dagy-6-akciyasyna-ee-boldu/
- Published: 2023-02-02T14:03:12.000Z
- Updated: 2023-02-02T16:52:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ага Хан Экономикалык өнүктүрүү фонду «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКтын (KICB) дагы 6% акциясына ээ болду. Бул маалыматты Economist.kg басылмасына аталган банктын өкүлдөрү тастыкташты.**

Алсак, маалыматка караганда, Ага Хан Фонду банктын 2% акциясын Эл аралык финансы корпорациясынан (IFC), 2% акциясын Германиянын инвестиция жана өнүктүрүү корпорациясынан (DEG) жана 2% акциясын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) сатып алган. 

**Учурда KICB банкынын акциялары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:**

- Ага Хан фонду – **66% (115.5 миң даана)**,
- DEG – 2% (3.5 миң даана),
- ЕРӨБ – 2% (3.5 миң даана),
- IF – 2% (3.5 миң даана),
- «Хабиб банк лимитед» – 18% (31.5 миң даана),
- КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду – 10% (17.5 миң даана).