> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк министрлер кабинетине Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция тартуу механизмдерин айтып берди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/02/d-jn-l-k-bank-ministrler-kabinetine-kambar-ata-1-gesin-kuruuga-investiciya-tartuu-mehanizmderin-ajtyp-berdi/
- Published: 2023-02-02T09:20:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:31:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Жолугушууда Жапаров республика үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы долбоорлордун артыкчылыктуу экендигин белгиледи. 

> “Өз кезегинде Навид Хасан Накви энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржылоону тартуунун мүмкүн болгон механизмдери тууралуу айтып берди”, – деп айтылат минкабдын билдирүсүндө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ири долбоорлорду ишке ашыруу иретинде өлкөнүн энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн Суу форумун жана Инвестициялык форумду өткөрүү маселелерин да талкуулашты.