> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат
- URL: https://im.kg/all/2023/02/02/mmbf-mamleketke-taandyk-keremet-banktyn-7-akciyasyn-satuunu-plandap-zhatat/
- Published: 2023-02-02T16:26:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:46:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекетке тиешелүү болгон “Керемет банктын” 10%га жетпеген акциясын Улуттук банкка сатуу каралууда. Мындай маалыматты бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.**

Анын айтымында, “Керемет банктын” 90%дан ашыгы Улуттук банкка тиешелүү.

> “Ал эми мамлекеттин 7% гана бар. Ошол 7%ды сатыкка эки жолу алып чыктык, кардар чыкпады, эгер менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алынса, Улуттук банк сатып алууга мүмкүнчүлүк болот. Улуттук банк 100% акционер болуп калат”, – деди Бакиров.

---

[«Мега» уюлдук операторун баасы кымбат учурунда сатканыбыз жакшы — ММБФ](http://localhost/info-portal/news/2023/01/24/mega-ujulduk-operatorun-baasy-bar-uchurunda-satkanybyz-zhakshy-mmbf/)

[«Эйр Кыргызстан» компаниясы банкрот болду деп табылды — ММБФ](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/ejr-kyrgyzstan-kompaniyasy-bankrot-boldu-dep-tabyldy-mmbf/)

[Кепилдик фондунун 14% үлүшү сатыкка коюлуп, бирок кардар чыккан жок — ММБФ](http://localhost/info-portal/news/2023/01/17/kepildik-fondunun-14-l-sh-satykka-kojulup-birok-kardar-chykkan-zhok-mmbf/)

[Новый глава «Керемет Банка» оказался братом члена правления Нацбанка](https://economist.kg/novosti/2021/11/25/novyj-glava-keremet-banka-okazalsya-bratom-chlena-pravleniya-nacbanka/)