> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту
- URL: https://im.kg/all/2023/02/02/salyk-kyzmaty-yanvar-ajynda-17-8-mlrd-som-salyk-chogulttu/
- Published: 2023-02-02T11:45:17.000Z
- Updated: 2023-02-02T11:45:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь айында 17 млрд 854.2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 883.3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.**

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4.2 млрд сомго көп жыйналган.

> “Анын ичинде 13 млрд 204.7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2.9 млрд сомго көп”, – деп айтылат маалыматта.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 млрд 649.5 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 689.5 млн сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1.3 млрд сомго көп.