> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2023/02/02/socfond-pensiyalyk-toptoolordu-k-b-jt-maksatynda-karazhatty-baaluu-metalldarga-kagazdarga-investiciyaloonu-k-zd-d/
- Published: 2023-02-02T16:04:49.000Z
- Updated: 2023-02-02T16:06:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гульнура Жуматаева пенсиянын топтоо бөлүгүн көбөйтүү үчүн фонддун каражаттарын инвестициялоо боюнча баяндама жасады.**

Ал берген маалыматка ылайык, Соцфонд каражаттарын көбөйтүү максатында, пенсиялык топтоолорду **баалуу металлдар** жана КРнын Улуттук банкынын **баалуу кагаздарына** инвестициялоо үчүн активдердин тизмегин кеңейтүүнү көздөөдө. 

> “Баалуу металлдарды, баалуу кагаздарды инвестиция булагы катары карап, алар узак мөөнөттө алгылыктуу көбөйүшүнө байланыштуу ал активдерге жайгаштыруу максатка ылайыктуу деп эсептелет”, – деди ал.

Ошондой эле Соцфонд инвестициялык портфелди диверсификациялоо, ал каражаттардын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу максатында Резервдик фонд түзүүнү сунуштоодо. 

Белгилей кетсек, мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.