АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын билдирди

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күтүү убактысы кыскарганын, визалык интервьюга эртерээк жазылууга мүмкүнчүлүк ачылганын жарыялады.

Элчиликтин маалыматына таянсак, ушул шейшембиде, 7-февралда, саат 16:00дө 2023-жылдын февраль-август айларына катталуу үчүн кошумча орундар ачылат.

Визага интервьюга бош орундарды канча убакыт күтүү керектигин бул шилтемеден билүүгө болот.