> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте суу менен канализацияга тарифтер көтөрүлүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2023/02/03/bishkekte-suu-menen-kanalizaciyaga-tarifter-k-t-r-l-sh-m-mk-n/
- Published: 2023-02-03T14:12:36.000Z
- Updated: 2023-02-03T15:48:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык кеңеши таза сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.**

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде “Бишкексууканал” ишканасы каржылык жактан оор абалда экени белгиленген. Буга тарифтердин чыгымдарды жабууга жетишсиздиги, электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, инфляция, жабдуулардын эскириши жана аларды жаңылоого каражаттын жетишсиздиги, эмгек акынын аздыгынан кадрлардын сыртка кетиши себеп болгон.

Ошондуктан ичүүчү сууга төмөнкү тарифтерди белгилөө сунушталууда:

- калк үчүн – 8.1 сомдон 10.4 сомго чейин (+29%)
- бюджеттик мекемелер үчүн – 9.1 сомдон 12.9 сомго чейин (42.3%)
- башка керектөөчүлөр үчүн – 13 сомдон 18.5 сомго чейин (42.3%).

Канализацияны пайдалануу үчүн төмөнкү тарифтер сунушталат:

- калк үчүн – 2.3 сомдон 3.4 сомго чейин (+50%)
- бюджеттик уюмдар үчүн – 3 сомдон 4.5 сомго чейин (+50%)
- башка керектөөчүлөр үчүн – 6 сомдон 9 сомго чейин (+50%).