Бизнести текшерүүгө тыюу салуу жылдын аягына чейин киргизилген, бирок башка учурлар да бар

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл органы билдирди.

Бирок мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзө ала турган да учурлар бар:

  • жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында
  • мыйзамга ылайык ишкерлердин өтүнүчү боюнча
  • башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын талабы боюнча
  • жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча
  • электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси жаатындагы мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча
  • бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата бажы кызматынын текшерүүсү
  • импорттолуучу, өндүрүлгөн жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, күйүүчү майлардын сапатынын сакталышын көзөмөлдөө максатында
  • жер казынасын изилдөө жана иштетүү менен алектенген ишкерлер тарабынан мыйзамдардын нормаларын жана талаптарын сактоо маселелери боюнча
  • социалдык маанидеги товарларга бааларды жөнгө салуу боюнча
  • санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча.

Кошумча маалымат алуу үчүн банктык финансы рыногуна кирбеген ишкерлер (0312) 96 13 16, (0312) 66 47 16 телефондору же fsa@fsa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу кайрылса болот.