> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кийинки аптада Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт
- URL: https://im.kg/all/2023/02/03/kijinki-aptada-bishkekte-birinchi-kyrgyz-sloveniya-forumu-t-t/
- Published: 2023-02-03T09:33:31.000Z
- Updated: 2023-02-03T09:33:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**10-февралда Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.**

Иш-чара словениялык Spirit компаниясы менен биргеликте өткөрүлөт.

Словениянын бизнес-делегациясынын курамында маалыматтык-коммуникациялык чечимдер, туризм, айыл чарба продукциясын муздатуу жана сактоо үчүн жабдуулар, тоо-кен, өнөр жай, энергетика жана башка көптөгөн тармактардан болушат.

- Форум 10-февралда Ramada by Wyndham мейманканасында (Бишкек ш. Исанов көч. 37) саат 10:00дө өтөт. Кошумча маалымат жана тастыктоо үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот: 613874, 613876, же электрондук почта [info@cci.kg](mailto:info@cci.kg) дарегине кайрылыңыз.