Кийинки аптада Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт
10-февралда Бишкекте биринчи кыргыз-словения форуму өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Иш-чара словениялык Spirit компаниясы менен биргеликте өткөрүлөт.
Словениянын бизнес-делегациясынын курамында маалыматтык-коммуникациялык чечимдер, туризм, айыл чарба продукциясын муздатуу жана сактоо үчүн жабдуулар, тоо-кен, өнөр жай, энергетика жана башка көптөгөн тармактардан болушат.
- Форум 10-февралда Ramada by Wyndham мейманканасында (Бишкек ш. Исанов көч. 37) саат 10:00дө өтөт. Кошумча маалымат жана тастыктоо үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаңыз болот: 613874, 613876, же электрондук почта info@cci.kg дарегине кайрылыңыз.