Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү

Салык кызматы киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасын жөнөкөйлөттү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Салык кызматы көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен, киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын жөнөкөйлөтүп, статистикалык отчетко байланыштуу 3 жана 4-бөлүмдөрүн алып салды.

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун (FORM STI-161) жаңы формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби Салык кызматынын сайтында жайгаштырылган.

Отчет 2023-жылдын январь айынан баштап салык мезгили үчүн берилиши керек.

Белгилей кетсек, 2023-жылга райондор жана шаарлар боюнча киреше салыгын эсептөө үчүн айына минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат, ал Салык кызматынын сайтында “Билим базасы” бөлүмүндө жайгаштырылган.

Минималдуу эсептик киреше иштегендердин алган кирешелеринин бардык түрлөрүнө колдонулат.