> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты
- URL: https://im.kg/all/2023/02/03/talasta-10-ajyl-km-t-dotaciyadan-chykty/
- Published: 2023-02-03T09:53:18.000Z
- Updated: 2023-02-03T09:53:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өскөн. 

> “2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», – деди Эдил Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.