Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты

Таласта 10 айыл өкмөтү дотациядан чыкты. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 10 эседен ашык өскөн.

“2022-жылы 10 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылды», – деди Эдил Байсалов.

Жыйында белгиленгендей, өткөн жылы облуста ар кыл багыттагы 154 жаңы чакан жана орто ишканалар ачылып, анда 677 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.