> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти
- URL: https://im.kg/all/2023/02/03/transport-ministrliginin-zheke-ishkerlerge-karyzy-702-mln-somgo-zhetti/
- Published: 2023-02-03T11:25:05.000Z
- Updated: 2023-02-03T11:25:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 3-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Транспорт министрлигинин тендерлер боюнча ишин аткарып, бирок министрлик тараптан төлөнбөй келе жаткан ишкерлердин акылары тууралуу маселе көтөрүлдү.**

Жыйында депутат Алишер Козуев Транспорт министрлиги алынган кредиттер, коррупциялык схемалар боюнча айыпталып келгенин айтып, министрликтин ички карызы **702 млн сомго** жеткенин белгиледи. 

> “Аны эмне себептен бербей жатасыңар? Жеке ишкерлер ар кандай тендерлер менен сиздер берген буюртмаларды жасап беришкен, бирок ар кандай шылтоолор менен 5 жылдан бери сүдүрөп жүрөсүздөр. Ишкерлер арыздары менен бизге кайрылышууда. Карызды бербей жатканыңарга эмне түрткү болуп жатат?”, – деди Козуев.

Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев бюджеттен бөлүнгөн каражат элдердин талабын аткарганга жетпей тургандыгын билдирди.

> “Бюджеттен каралган сумма биздин карыздардын көлөмүндө эмес болуп жатат. Эски карызды жапсак, жасала турган пландагы жумуштар жасалбай калуу коркунучуна кабылат”, – деди ал.

---

[Транспорт министрлиги жолдорду кулаган таштардан тосуу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну көздөөдө](http://localhost/info-portal/news/2022/12/20/transport-ministrligi-zholdordu-kulagan-tashtardan-tosuu-ch-n-kytajdan-59-mln-dollar-grant-aluunu-k-zd-d/)

[Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн — 113-орунда турат](http://localhost/info-portal/news/2022/11/16/kyrgyzstandagy-zholdordun-sapaty-dagy-ele-d-jn-l-k-ortocho-de-geelden-t-m-n-113-orunda-turat/)

[Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ](http://localhost/info-portal/news/2023/01/26/kyrgyzstanda-e-korrupciyalashkan-dep-salamattykty-saktoo-ministrligi-iim-zhana-mamkurulush-ataldy-rejting/)