Транспорт министрлигинин жеке ишкерлерге карызы 702 млн сомго жетти

Бүгүн, 3-февралда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Транспорт министрлигинин тендерлер боюнча ишин аткарып, бирок министрлик тараптан төлөнбөй келе жаткан ишкерлердин акылары тууралуу маселе көтөрүлдү.

Жыйында депутат Алишер Козуев Транспорт министрлиги алынган кредиттер, коррупциялык схемалар боюнча айыпталып келгенин айтып, министрликтин ички карызы 702 млн сомго жеткенин белгиледи.

“Аны эмне себептен бербей жатасыңар? Жеке ишкерлер ар кандай тендерлер менен сиздер берген буюртмаларды жасап беришкен, бирок ар кандай шылтоолор менен 5 жылдан бери сүдүрөп жүрөсүздөр. Ишкерлер арыздары менен бизге кайрылышууда. Карызды бербей жатканыңарга эмне түрткү болуп жатат?”, – деди Козуев.

Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев бюджеттен бөлүнгөн каражат элдердин талабын аткарганга жетпей тургандыгын билдирди.

“Бюджеттен каралган сумма биздин карыздардын көлөмүндө эмес болуп жатат. Эски карызды жапсак, жасала турган пландагы жумуштар жасалбай калуу коркунучуна кабылат”, – деди ал.


Транспорт министрлиги жолдорду кулаган таштардан тосуу үчүн Кытайдан 59 млн доллар грант алууну көздөөдө

Кыргызстандагы жолдордун сапаты дагы эле дүйнөлүк орточо деңгээлден төмөн — 113-орунда турат

Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды — РЕЙТИНГ