БАЭ менен биргелешкен холдингдин директорлор кеңешине эки министрликтин өкүлү кирет
Бүгүн, 6-февралда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министри Данияр Амангелдиев уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компанияны түзүү боюнча комитетте баяндама жасап жатат.
Жыйында депутаттар башка фонддордо ишкерлер каражат алууда коррупциялык схемалар бар экенин айтышып, директорлор кеңешине кимдер тандалаарына кызыгышты.
“Негизи өкмөттүн буйругу менен бекилет. Бирөө Экономика министрлигинен, экинчиси Финансы министрлигинен дайындалат”, – деген Амангелдиев кеңсени ижарага алуу сыяктуу маселелерин фонд өзүнүн каражатынан берерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, фонддун директорлор кеңешине кыргыз тараптан 2 киши, Абу-Даби Өнүктүрүү фондунан 3 киши кирет.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарында (БАЭ) президент шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян менен Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан.
Кыргызстан БАЭ менен чогуу түзө турган холдингдин уставдык капиталына 2.5 млн доллар берет
Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду
КР менен БАЭнин ортосунда капиталы 100 млн долларга жеткен инвестициялык фонд түзүлөт