> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте бензин дээрлик 5 сомго арзандады - Монополияга каршы кызматы
- URL: https://im.kg/all/2023/02/06/bishkekte-benzin-deerlik-5-somgo-arzandady-monopoliyaga-karshy-kyzmaty/
- Published: 2023-02-06T11:22:22.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкекте жыл башынан бери бензиндин чекене баасы дээрлик 5 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.**

Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери дүң баанын төмөндөшүнөн улам чекене соода сегментинде да күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөө тенденциясы байкалган.

Агенттик Бишкекте январь айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литринин баасы **5 сомду** төмөндөгөн. Дизель майынын литри болсо **1.2 сомго** гана арзандаган.

> «Бул төмөндөө Бишкектеги жана республиканын башка аймактарындагы майда нефтетрейдерлердин баасына таасирин тийгизет.

> Февраль айынын ичинде баа рыноктун негизги оюнчулары тарабынан бираз төмөндөтүлөт. Бул тартыштык болбошу үчүн нефтетрейдерлер ээ болушу керек болгон КММнын 1-1.5 айлык запасын эске алуу менен айтылууда”, – дейт Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/kmm.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/kmm.png)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/kmm1.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2023/02/kmm1.png)