Бишкекте бензин дээрлик 5 сомго арзандады - Монополияга каршы кызматы

Бишкекте жыл башынан бери бензиндин чекене баасы дээрлик 5 сомго арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери дүң баанын төмөндөшүнөн улам чекене соода сегментинде да күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөө тенденциясы байкалган.

Агенттик Бишкекте январь айынын башынан бери АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литринин баасы 5 сомду төмөндөгөн. Дизель майынын литри болсо 1.2 сомго гана арзандаган.

«Бул төмөндөө Бишкектеги жана республиканын башка аймактарындагы майда нефтетрейдерлердин баасына таасирин тийгизет.

Февраль айынын ичинде баа рыноктун негизги оюнчулары тарабынан бираз төмөндөтүлөт. Бул тартыштык болбошу үчүн нефтетрейдерлер ээ болушу керек болгон КММнын 1-1.5 айлык запасын эске алуу менен айтылууда”, – дейт Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги.