> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 8.5 млн көчөт отургузуу пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2023/02/06/byjyl-8-5-mln-k-ch-t-oturguzuu-plandaluuda/
- Published: 2023-02-06T13:24:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин жыйынында учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.** 

Анын айтымында, 2022-жылы 8 млн көчөт отургузулган, **2023-жылы 8.5 млн**, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9.5 млн даана көчөт отургузуу пландалууда.

> «Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», – деди Кутманова. 

Белгилей кетсек, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулган.