Быйыл 8.5 млн көчөт отургузуу пландалууда
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Жогорку Кеңештин жыйынында учурда өлкөдө «Жашыл Мурас» улуттук программасы, ошондой эле «Жашыл Кыргызстан» программасы ишке ашырылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы 8 млн көчөт отургузулган, 2023-жылы 8.5 млн, 2024-жылы 9 млн, 2025-жылы 9.5 млн даана көчөт отургузуу пландалууда.
«Жалпысынан 2030-жылга чейин 90 миллионго жакын көчөт отургузуу пландалууда, анын ичинен ар кандай табигый шарттарды эске алганда 70 миллионго жакыны толук кандуу өсүп кетүүсүү болжолдонууда», – деди Кутманова.
Белгилей кетсек, 3-февралдагы «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңештин “Жашыл Кыргызстан” экологиялык акциясын өткөрүү жөнүндө 2022-жылдын 17-мартындагы №137-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулган.