> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕЭК Кыргызстанга эт импорттоочуларга жеңилдиктерди берди
- URL: https://im.kg/all/2023/02/06/eek-kyrgyzstanga-et-importtoochularga-zhe-ildikterdi-berdi/
- Published: 2023-02-06T09:36:29.000Z
- Updated: 2023-02-06T09:36:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**ЕЭК Кеңеши 2023-жылы эт азыктарын өндүрүү үчүн уй этине тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.**

Жеңилдиктер төмөнкү көлөмдөгүлөргө карата колдонулат:

- 10 миң тоннага чейин – Арменияга
- 7.5 миңге чейин – Белоруссияга
- 5 миң тоннага чейин – Казакстанга
- 2.5 миң тоннага чейин – Кыргызстанга
- 100 миң тоннага чейин – Россияга.

Үчүнчү өлкөлөрдөн эт импортунун негизги көлөмү эт консерваларын жана колбаса өндүрүү үчүн арналган тоңдурулган азыктарга туура келет.

> «Азыр бекитилген чара биринчи кезекте эт өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү чийки зат менен камсыздоого жана ага керектөө бааларын турукташтырууга багытталган», – деп айтылат маалыматта.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-январынан тартып укуктук мамилелерге карата колдонулат.