ЕЭК Кыргызстанга эт импорттоочуларга жеңилдиктерди берди

ЕЭК Кеңеши 2023-жылы эт азыктарын өндүрүү үчүн уй этине тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

Жеңилдиктер төмөнкү көлөмдөгүлөргө карата колдонулат:

  • 10 миң тоннага чейин – Арменияга
  • 7.5 миңге чейин – Белоруссияга
  • 5 миң тоннага чейин – Казакстанга
  • 2.5 миң тоннага чейин – Кыргызстанга
  • 100 миң тоннага чейин – Россияга.

Үчүнчү өлкөлөрдөн эт импортунун негизги көлөмү эт консерваларын жана колбаса өндүрүү үчүн арналган тоңдурулган азыктарга туура келет.

«Азыр бекитилген чара биринчи кезекте эт өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү чийки зат менен камсыздоого жана ага керектөө бааларын турукташтырууга багытталган», – деп айтылат маалыматта.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-январынан тартып укуктук мамилелерге карата колдонулат.