> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонду кепилдикти эң көп айыл чарба, соода, курулуш жана транспорт тармактарына берген
- URL: https://im.kg/all/2023/02/06/kepildik-fondu-kepildikti-e-k-p-ajyl-charba-sooda-kurulush-zhana-transport-tarmaktaryna-bergen/
- Published: 2023-02-06T14:21:33.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:36:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын башынан бери Кепилдик фонд 170 млн сомдон ашык суммага 263 кепилдик берген. Ал эми өнөктөш банктар кепилдик аркылуу 321 млн сомдон ашык кредиттерди беришкенин фонддун маалымат кызматы билдирди.**

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактар, соода, курулуш жана транспорт кирет.

> «Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүн баштагандан бери ата мекендик ишкерлерге 3693 кепилдик берген, анын суммасы **5 млрд 465 млн сомдон** ашкан.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 85%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кепилдик фонд “КРдагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык исламдык, ипотекалык жана портфелдик кепилдиктерди камтыган кепилдик продуктыларынын тизмесин кеңейткен.