Кепилдик фонду кепилдикти эң көп айыл чарба, соода, курулуш жана транспорт тармактарына берген

2023-жылдын башынан бери Кепилдик фонд 170 млн сомдон ашык суммага 263 кепилдик берген. Ал эми өнөктөш банктар кепилдик аркылуу 321 млн сомдон ашык кредиттерди беришкенин фонддун маалымат кызматы билдирди.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактар, соода, курулуш жана транспорт кирет.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүн баштагандан бери ата мекендик ишкерлерге 3693 кепилдик берген, анын суммасы 5 млрд 465 млн сомдон ашкан.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 85%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кепилдик фонд “КРдагы кепилдик фонддор жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык исламдык, ипотекалык жана портфелдик кепилдиктерди камтыган кепилдик продуктыларынын тизмесин кеңейткен.