Кыргызстан адал индустриясы боюнча алдыңкы 30 мамлекеттин ичине кирет

Кыргызстан адал индустриясы боюнча алдыңкы 30 мамлекеттин катарында. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча борборунун директору Алмаз Кайырбеков “Биринчи Радиого” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу араб мамлекеттеринен Кыргызстанга келген туристтердин саны 30%га көбөйгөн.

“Дүйнөлүк MasterCard туризм боюнча иликтөө жүргүзгөн, анда биз адал индустриясы боюнча 130 өлкөнүн ичинен алдыңкы 30 мамлекеттин катарына киргенбиз. Бул мейманканалардын шарттары, талаптарга шайкештиги боюнча каралган”, – деди ал.

Ошондой эле Кайырбеков RestPoint бекеттерине намазканаларды ачуу керектигин белгиледи.

“Бул исламизация же арапташуу болуп жатат декендик эмес, келген туристтерге шарттарды түзүп беришибиз керек”, – деген ал адал кафелердин тизмесин түзүү да каралып жатканын айтты.


Эске салсак, 30-январда Экономика жана коммерция министрлигинде Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин «Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү» жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлган.

Стандартташтыруу боюнча Техникалык комитетин түзүүнүн максаты – адал индустриясын өнүктүрүү жана халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтыруу боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу болуп саналат.