Салык кызматы өткөн жылы төлөнбөй калган 20 млрд сомду ачыкка алып чыкты

Салык кызматы 2022-жылы бюджетке 19.7 млрд сом жашырылган салыктарды кошумча эсептеди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылы салык органдары тарабынан ишкерлерге 16 миң 621 салыктык текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 19.7 млрд сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы кошумча эсептелген.

Мындан тышкары, 2022-жылы республиканын салык органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына жалпы кошуп эсептелген 4.1 млрд сом суммасында салыктык текшерүүлөрдүн 34 материалы жөнөтүлгөн.

Ошондой эле укук коргоо органдарынан ишкерлер тарабынан салыктарды жашыруу бөлүгүндө келип түшкөн маалыматтарга талдоо жүргүзүлүүдө.